ОшМУнун 85 жылдык мааракеси чоң программадагы шоу-концерт менен жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун 85 жылдык мааракеси чоң программадагы шоу-концерт менен жыйынтыкталды

Image

Өлкөбүздүн илимий-чыгармачылык интеллигенциясын түзгөн, кадр даярдоонун борбору, жаштыктын, илимдин, өнөрдүн ордосу болгон Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесине арналган салттанаттуу иш-чаралар жыйынтыкталды. 

Ош шаарынын борбордук стадионунда өткөн жыйынтыктоочу чоң программадагы шоу-концертте Кыргыз Республикасынын Президентинин Министрлер кабинетинин төрагасы, ОшМУнун Ардактуу профессору Акылбек Жапаров өлкө Президенти Садыр Жапаровдун  куттуктоо сөзүн жолдоду. Куттуктоодо “ОшМУ бүгүн өлкөдөгү университеттердин сап башына чыкты. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү бүгүн өлкөнүн гана эмес чет өлкөлөрдүн да чар тарабында, ири мамлекеттик кызматтарда, билим менен маданият тармактарында, күч түзүмдөрүндө жана башка тармактарда ийгиликтүү иштеп, мамлекетибиздин өнүгүшүнө бараандуу салым кошуп келе жатат. Учурда өлкөбүздүн билим берүү системасы кечиктирилгис реформаарды талап кылган чакырыктардын алдында турат. Мындан улам 2021-жылы Кыргызстандын билим берүү системасында алдыңку 5 жогорку окуу жайга “Өзгөчө макам” ыйгарылды. Анын ичинде ОшМУда бар. Санариптик технологиялар, инновациялар билим берүү тармагынын ажырагыс бөлүгү болуп жаткандыгын, алгачкылардан болуп өлкөдө ОшМУ электрондук окууга, санариптик тейлөөгө өткөнүн баса белгилеп кетким келет. Жогорку окуу жай илим-өндүрүш-коммерциализациялаштыруу алакасын ийгиликтүү ишке ашырууда. ОшМУнун жамааты жана студенттери бүгүнкүдөй демиңиздерден жазбай заман агымы менен артта калбай, сергек ой жүгүртүү менен жаратмандык маанайда дагы көп бийиктиктерди багындырышыңыздарга ишенем”,- деп айтылат.


Мааракелик иш-чарага  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Билим берүү жана илим министри, Жогорку Кенештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Америка, Япония, Польша, Россия, Чехия, Сауд Аравия, Корея, Турция, Кытай ж.б. коңшу өлкөлөрдөн келген өнөктөш окуу жайлардын, Кыргызстандагы окуу жайлардын ректорлору, окумуштуулары, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, мекеме-уюмдардын жетекчилери, ОшМУдан билим алып, түрдүү тармактарда эмгектенип келе жаткан сыймыктуу бүтүрүүчүлөр, студенттер, шаар тургундары катышты. 
Майрамдык салтанат билим берүүнү камтыган театрлаштырылган көрүнүш менен башталды. Келген көрүүчүлөргө ОшМУну чагылдырган видео-ролик тартууланып, окуу жайдын 85 жылдык тарыхында салым кошкон жетекчилердин жасаган эмгектери тууралуу баян көрсөтүлдү. 
 
Мааракени Кыргыз Республикасынын Эл артисти,  Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Керим Турапов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бек Борбиев, Малика Дина, Бактияр Токторов, Жийдеш Идирисова, Замир Мырза, Султан Садыралиев, JAХ, Freeman 996, PPTV тобу шаңга бөлөдү. 

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналып жазылган “ОшМУ билим ордосу” чыгармасы ОшМУнун сыймыктуу  бүтүрүүчүлөрү Замир Мырза, Эмил Балтагулов, Айпери Кулбаева, Эламан Жалаловдун аткаруусунда жаңырды. 


Кеченин сценайи Жаңылай Исакова, Улукбек Омокеев, Мелис Маматжанов тарабынан жазылып, майрамдык салтанат УТРК-Ош жана ОшТВ телеканалдары аркылуу түз эфирде чагылдырылып турду.

 Кечени белгилүү алып баруучулар Алина Баженова, Расул Багышбаевдер алып барды.  
ОшМУ-биз менен дүйнөнүн эшигин ач!

Фото галерея