Араван районунда жылкы менен туризмдин айкалышы тууралуу конференция өттү

Башкы Жаңылыктар

Араван районунда жылкы менен туризмдин айкалышы тууралуу конференция өттү

Image

ОшМУнун 85 жылдык мааракесинин алкагында  «Жылкылардын аборигендик породаларын сактоо: көйгөйлөрү, келечеги жана анын туризмди өнүктүрүүдөгү ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.  Конференция Ош облусунун Араван райондук администрациясында ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети жана “Дулдул-Ат” коомдук фонду тарабынан уюштурулду.  

 Конференцияга Казакстан, Корея, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстандын окумуштуулары, Жогорку Кеңешинен депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-уюмдардын кызматкерлери катышты.

“Пленардык жана секциялык жыйындарда жергиликтүү жылкылардын породасын жакшыртуу, алардын гендик фондун изилдөө, жылкы чарбасын өнүктүрүү, Даван (же асман) жылкыларынын сүрөттөрү түшүрүлгөн тарыхый эстеликтерди коргоо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, алардын негизинде туризмди жандандыруу, атайын музей, илимий борбор жана туристтик база түзүү боюнча маселелер каралды.

Араван райондук жергиликтүү бийлик менен бирге факультеттин айыл чарба жана туризм багытындагы окумуштууларына жана студенттерине илимий-практикалык маанидеги жаңы багыттар ачылып, максаттар коюлду”, -дейт  Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы Абдурашит Низамиев.

Фото галерея