“Айтматов тууралуу алп ойлор” 

Башкы Жаңылыктар

“Айтматов тууралуу алп ойлор” 

Image

2024-жылдын 6-июнь күнү ОшМУда филология илимдеринин доктору, профессор, КРнын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиевдин катышуусунда  “Айтматов тууралуу алп ойлор” аттуу тегерек стол болуп өттү.
Өзбекстандын Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун, Ош жана Жалал-Абад аймактарындагы жогорку окуу жайлардан өкүлдөр, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин окутуучулук-профессордук жамааты катышты. Жыйында адабияттын азыркы учурдагы айрым маселелери талкууланды. Ошондой эле, Айтматов энциклопедиясынын түзүлүшүнө жигердүү катышуу тууралуу айтылды.
Иш-чараны кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин жамааты уюштурду.

Фото галерея