УЛУТТУК РЕЙТИНГГЕ КИРГЕН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ЛИДЕРЛЕРИ ЖАРЫЯЛАНДЫ (ТИЗМЕ)

Башкы Жаңылыктар

УЛУТТУК РЕЙТИНГГЕ КИРГЕН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ЛИДЕРЛЕРИ ЖАРЫЯЛАНДЫ (ТИЗМЕ)

Image

Биринчи жолу Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Улуттук рейтингин түзүү боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы жарыяланды.

ЖОЖдор алты критерийдин негизинде бааланды:

 академиялык бедел,

 иш берүүчүлөрдүн баалары,

 окутуунун сапаты,

 цитирлөө индекси,

 чет элдик мугалимдердин саны,

 чет элдик студенттердин саны.

Өзгөчө макамдагы 6 алты университет (КММА, КМТУ, ОшМУ, КУУ, КУАУ, КРСУ) жогорудагы бардык критерийлер боюнча жалпы рейтингинде топ-7нин ичине кирди. Төмөндө

топ-10го кирген университеттер:

1. И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 461.56 балл,

2. “Ала-Тоо” Эл аралык университети – 453.58 балл,

3. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 436.74 балл,

4. Ош мамлекеттик университети – 415.84 балл,

5. Кыргыз-Россия Славян университети – 412.74 балл,

6. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 404.36 балл,

7. К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети – 403.54 балл,

8. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 352.92 балл,

9. М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 324.3 балл,

10. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 318.12 балл.

Ар бир критерий боюнча университеттердин көрсөткүчү менен https://rating.kg/rating/about-overall-rating сайтынан таанышууга болот.

Белгилей кетсек, рейтингди түзүү иштери 2023-жылдын октябрында маалыматтарды берүүгө макул болгон 27 университет менен келишимдерге кол коюу менен башталган. 2024-жылдын январынан бери EdNet агенттигинин сурамжылоосуна 1001 мугалим жана 507 иш берүүчү катышкан.

https://edu.gov.kg/posts/3081/