ОшМУнун 17 кызматкери Curriculum Global программасынын сертификатына ээ болушту

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун 17 кызматкери Curriculum Global программасынын сертификатына ээ болушту

Image

DVV international Kyrgyzstan өкүлчүлүгү жана ОшМУ Curriculum GlobALe программасын окуу процессине кийирүүнү  ишке ашыруу максатында  ОшМУнун окутуучуларына 2023-жылы программаны окутууну баштаган.

Эки жылга созулган  окутуу 6 модулдан туруп, анда катышуучулар 550 сааттык чоңдорго билим берүүнүн кеңири спектрлери боюнча билимин өркүндөтүштү. О

19-июнда ОшМУда өткөн сертификат тапшыруу аземине DVV International уюмунун директору Надежда Романенко,  Curriculum GlobALe программасынын координатору  Айнура Макенбаева катышты. Алар алгач окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугуп пикир алышты. Анда Curriculum GlobALe программасынан окуудан өткөн эң басымдуу тренерлер ОшМУдан чыккандыгын билдиришти. Окуу жай жетекчиси программанын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерди колдой тургандыгын белгиледи.

Иш-чаранын алкагында 17 кызматкерге сертификаттар тапшырылды. Окутуу башталгандан бери ОшМУдан жалпы 23 кызматкер окутууну ийгиликтүү аякташкан. 

Бул долбоордун  максаты - Curriculum GlobALe программасын билим берүүнүн формалдык секторунда жайылтуу үчүн ОшМУнун окутуучуларынан специалист - андрагогдорду даярдоо.  Окутуучулар азыркы учурда андрагогиканын ролу жана мааниси, чоң адамдарга билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү, педагогика жана андрагогиканын негизги түшүнүктөрү,айырмачылыктары, чоң адамдарга билим берүүдө окутуучунун компетенциялары, андрагогдордун чоң адамдарды окутуудагы ролу жөнүндөгү маалыматтарды алып тиешелүү билимдерге ээ болушту.

DVV International 2002-жылдан бери Кыргызстанда чоңдордун окуусун жана билим алуусун колдоп келет. 2012-жылы Бишкекте кеңсеси ачылган.

Фото галерея