ОшМУ АДАМ БОЛУУГА ҮНДӨГӨНДҮГҮ МЕНЕН ЫЙЫК СЕЗИЛЕТ

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ АДАМ БОЛУУГА ҮНДӨГӨНДҮГҮ МЕНЕН ЫЙЫК СЕЗИЛЕТ

Image

Байыш Төлөнов

 ОшМУнун филология факультетинин 1974-жылкы бүтүрүүчүсү. «ЭлТР» мамлекеттик телекөрсөтүү жана радио уктуруу компаниясында баяндамачы, редактор.

 

Мен адегенде радио журналистика тармагында иштеп, көптөгөн репортаж, интервью, радио очерк жанрларда каармандардын эмгегин, иш ыкмаларын чагылдырып, даңазалап келдим. Ал эми 1984-жылдан телекөрсөтүү тармагында иштеп, иш тажрыйбамды өркүндөттүм.

Жөнөкөй кесип ээлери: пахтакер, кызылчачы, саанчы, өнөр адамдарынын наркттык очерки жанрында тасмага тартып, көрүүчүлөргө тартууладым. Алардын катарында: Социалисттик эмгектин Баатырлары Тургун Машрапова, Керимбүбү Шопокова, Мариям Узденова ж.б. Өнөр адамдары: Жолон Мамытов, Кармышак Ташбаев, Жолболду Алибаев, Маматибраим Бостонкулов ж.б.у.с. болду. Ошондой эле спорттук көрсөтүүлөрдү даярдадым. Кыргызстан элдеринин I спартакиадасынан (1996-ж.) баштап, бир нече республикалык мелдештерди алып бардым. «Кытыгы», «Инсан жана мыйзам» аттуу атуулдардын укугун коргогон көрсөтүүлөрдү даярдап, телекөрүүчүлөрдүн алкоосуна ээ болдум.

«Өнөр кесип тандабайт», «Өмүр сереси», «Жолугушуу аянты», «Сөз келгенде» ж.б. программалар өз учурунда татыктуу баага ээ болду.  Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын I курултайын, Курманжан датканын 180 жылдык дүйнөлүк мааракелерин 1991-жылы, Көчмөндөр оюнунун алгачкы уюштурулушун 2014-жылы эфирге ийгиликтүү чагылдырдым.

Көп жылдык эмгек жолумда жетишкен ийгиликтерим да арбын болду.

 1980-жылдан СССР, Кыргызстан Журналисттер Союзунун мүчөсүмүн. Көптөгөн сыйлыктардын ээси болдум. Айрымдарына токтолоюн. 1995-жылы КРнын Президентинин Ардак Грамотасы менен сыйландым. 2008-жылы КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алдым. Дүйнөлүк деңгээлдеги улуу инсандар космонавт аял В.Н.Терешковадан, Пакистандын өкмөт башчысы Б.Бухуто, Ж.Дудаевден интервью алып, телекөрүүчүлөргө тааныштырганмын.

Менин жаштайыман ойлогон максатыма жетүүдө ОшМУнун билим берип тарбияланышыма өмүрдөгү түгөнгүс байлык болду деп эсептейм. Ошо кезде бизге билим берип окуткан Жээналы Шериев, Акбар Сыдыков, Сүйүнтбек Ибрагимов, Намазбек Бейшекеев, Жумаш Мамытов, Булбул Суранчиева, Жолчубек Бешимов, Мурза Сулайманов кайталангыс илимпоз агайлар болгон. Аттиң дүйнө...

ОшМУ дайыма өмүр сапарында алдыга нур төгүп, адам болууга үндөп, берген билими, тарбиясы менен ыйык сезилет.

Бар бол, ОшМУ!