ОшМУ МЕНИН ЖАШТЫГЫМ, БИЛИМ ОРДОМ, БИРИНЧИ СҮЙҮҮМ

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ МЕНИН ЖАШТЫГЫМ, БИЛИМ ОРДОМ, БИРИНЧИ СҮЙҮҮМ

Image

Жыпаргуль Кожоева ОшМУнун орус филологиясы факультетинин 1992-жылкы бүтүрүүчүсү. «ЭлТР» МТРКсынын «Мурас» борборунун продюсери, «Көз караш» ток-шоусунун автору, редактору, алып баруучу.

 

1996-2005-жылдары «ОшТВ»  ТРКсында алып баруучу, редактор, жанылыктар бөлүмүнүн продюсери болуп эмгектендим. 2005-жылдан ушул убакка чейин «ЭлТР» МТРКсында эмгекнетип келе жатам. Эмгек ишмердүүлүгүмдө 2005-2007-жылдары «Мезгил» жанылыктар бөлүмүнүн директору, редактору, 2008-2010-жылдары «Кутман тан» борборунун продюсери, 2017-2020-жылдары «Ата Журт» коомдук саясий программалардын продюсери болдум. Учурда «Мурас» маданият борборунун продюсери болуп эмгектенип келем.

            1999-жылы Эгемен Кыргызстанга сырттан террористтер бастырып кирип Баткен облусундагы Кожачкан, Зардалы аймактарында кол салуу жүргөндө ошол окуяны жеринен барып чагылдырган өлкөдөгү биринчи журналист болгонмун. Ал эмгегим бааланып 2000-жылы КР Президентинин Ардак грамотасын алган эн жаш журналист аталгам.

            Мен окууга тапшырган 1987-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институту (азыркы ОшМУ) Түштүктөгү жападан жалгыз престиждүү институт болгон.

            Студенттик жылдарымда М.П. Сидлер, С.В. Нехорошева, Р.Г.Гроза, Т.П.Апполонова, М.И.Трофимов, Н.М.Мурадымов, С.И .Ибрагимов, О.О. Гейнце, ал эми кыргыз тили  адабиятынан Т. Аширбаев,  П. Ирисов  аттуу беделдүү, атагы алыска таркаган мугалимдерден сабак алып, тарбияланып чыктым. Менин жашоомдо кесипкөйлүгүмдүн башаты дал ушул ОшМУда мага сабак берип окуткан агай-эжейлерим десем эч жанылышпайм.

ОшМУ мен үчүн менин жаштыгым, билим ордом, биринчи сүйүүм, жашоого болгон ишеничтүү кадамым деп айтат элем.

"ОшМУдан медиага карай" китебинен алынды

Фото галерея