«Ден соолук» спартакиадасы  старт алды

Башкы Жаңылыктар

«Ден соолук» спартакиадасы  старт алды

Image

 

Бүгүн, 25-июнь күнү Чолпон Ата шаарынын «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясынын спорттук базасында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулар кызматкерлери арасында «Ден соолук» спартакиадасы старт алды.

Ачылыш аземге спорттун Олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясынын директору Урмат Асанбаев жана өлкөнүн жогорку окуу жайларынын окутуучулары катышты.

ОшМУдан волейбол, футзал, ордо, шахмат, тогуз коргоол, стол теннис, стритбол боюнча 113 профессордук-окутуучулук курам катышууда. Жалпы команданы ОшМУнун кесиптик  бирлигинин  төрагасы Абсамат Саттаров жетектеп барган.

“Ден соолук” спартакиадасы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 1-июлга чейин өтөт.

Фото галерея