ОшМУда өткөн кароо-сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда өткөн кароо-сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Image

ОшМУда нун окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн   методикалык кеңешинин 26-июндагы жыйынтыктоочу кеңейтилген отурумунда сынактардын жеңүүчүлөрү сыйланды.   Отурумда “ОшМУнун заманбап лектору”, “ОшМУнун заманбап окутуучусу”, ОшМУнун жаш окутуучуларынын арасында өткөрүлүүчү “Педагогикалык дебют” жана “ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери” кароо-сынактарынын жыйынтыктары чыгарылды.

Кароо-сынактарга катышкан окутуучулар жана эксперттик топтордун мүчөлөрү ыраазычылык каттар жана сертификаттар менен сыйланышты.

Ошондой эле отурумда 2023-2024-окуу жылында ОшМУда жарык көргөн окуу-усулдук колдонмосунун мазмунунун актуалдуулугу жана окуу-усулдук басылмаларга коюлган заманбап талаптарга шайкештиги үчүн окуу-усулдук колдонмолордун авторлоруна Ардак грамоталарды тапшырды.

2023-2024-окуу жылында струтуралардагы окуу процессин окуу-методикалык жактан камсыздоонун сапатын жогорулатууга салым кошкондугу үчүн методикалык кеңештин төрайымдарына сертификаттар берилди.

Фото галерея