ОшМУда PhD диссертациясы корголду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда PhD диссертациясы корголду

Image

 

Эл аралык медицина факультетинде коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина программасынын докторанты  Бегимай Акбалаева  "Залалдуу шишиктери менен химиотерапияда, максаттуу терапияда, иммунотерапияда турган бейтаптардагы курч жана өнөкөт кардиотоксикалуулукту диагностикалоо, дарылоо, прогноздоо жана алдын алуу маселелери" деген темада жазылган PhD  диссертациясынын коргоду.  Жыйынга профессор Акпай Сарыбаев төрагалык кылса, окумуштуу катчынын милдетин доцент Алтынай Садыкова алып барды.  

Ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий жетекчилери катары м.и.д,  Салымбеков университетинин профессору, КРдин медициналык кызматкерлеринин  ассоциациясынын президенти, Америка кардиология колледжинин учурдагы мүчөсү Талантбек Батыралиев жана м.и.д, Воронеж областындагы Бобров райондук ооруканасынын саламаттыкты сактоо департаментинин профессору Игорь Першуков чыгып колдоп сүйлөп, докторант өзүнүн тармагы боюнча философия доктору илимий даражасын алууга татыктуу экендигин белгилешти.

Соңунда эксперттик комиссиянын мүчөлөрү жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында Бегимай Акбалаева 560100 – коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина багыты боюнча философия доктору (PhD) окумуштуулук наамын ыйгаруу чечимин бир добуштан колдошту. 

Иш-чара онлайн жана офлайн форматында өттү. Ага эксперттик комиссиянын мүчөлөрү, университетте PhD программасын түптөгөндөрдүн бири, профессор Идирис  Кенжаев, факультеттин жамааты, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн кызматкерлери, программа жетекчиси, докторанттар катышты.

Фото галерея