Чолпон-Ата шаарынын «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясынын спорттук базасында “Ден соолук” спартакиадасынын алкагында стритбол боюнча 45 жашка чейинки жана 45 жаштан жогорку мелдештер жыйынтыкталды.
45 жашка чейинки мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Ош мамлекеттик университети ээледи. Команданын курамында окутуучулар Нурмамбет Абдубахап уулу, Чынгыз Усен уулу, Руслан Мазитов, Нурзада Абдыкаарова, Нурзида Тураппай кызы бар.
45 жаштан жогорку мелдештин жыйынтыгында 3-орунду ээлеген ОшМУнун командасында Курманбек Исманалиев, Тимур Исраилов, Атабек Жороев, Эльмира Мамазиеава, Гулсун Нусупбаевалар бар.