![](https://oshsu.kg/storage/uploads/thumbnail/yWRKJxnnBdS2Xb4NdqVZ02Z5Nkv4WbgYKANpD79O.jpeg)
Кытайдын Макао шаарында 29-30-июнда өткөн спорттук самбо боюнча Азия Чемпионатында ОшМУнун медицина факультетинин фармация адистигинин бүтүрүүчүсү Динара Камчыбекова 72 кг салмакта коло медаль тагынды.
Турнир 2025-жылы Кытайдын Чэнду шаарында өтө турган Дүйнөлүк оюндарга катышуу үчүн спортчуларды тандоо этабы болуп саналат.
Динара Камчыбекова дзюдо, самбо жана алыш күрөшү боюнча спорттун чебери.