Париждеги Олимпиада оюндарына катышып жаткан ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү, боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты.
Ал 1/4 финалда америкалык спортчу, атаандашы Жамал Харвини уткан.
Буга чейин 57 килограмм салмакта кубалык Сайдель Иван Орта Родригес дель Рей менен беттешип, жеңген.
Харвини уткан Мунарбек Кыргызстанга кеминде коло медаль алып келет.
Спортчунун кийинки атаандашы болгариялык Хавьер Ибаньес Диас болот жана кезектеги таймаш 8-августта өтөт.
Мунарбек Сейитбек уулу ОшМУнун дене тарбия факультетин аяктап, ушул эле окуу жайда магистратураны да бүтүргөн. Ал 2017-жылдан бери Кыргызстандын бокс боюнча негизги курама командасынын катарында. Машыктыруучусу КРнын спорт чебери Беганас Султанбаев, 2-машыктыруучусу ОшМУнун окутуучусу, Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Турдалы Оморов.