ОшМУнун табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун спорттук жана улуттук оюндар кафедрасынын профессору, КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу Турдалы Оморов 1 миллион сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Мунарбек Сейитбек уулу 10 миллион сом жана унаа менен сыйланды.
Сыйлоо аземинде өлкө башчысы Садыр Жапаров: “Олимп оюндарына биринчи жолу катышып жатса дагы, Мунарбек өзүнүн токтоолугу, жөнөкөйлүгү, салкын кандуулугу, ошондой эле өзгөчө техникасы менен айырмаланып, атаандаштарын биринин артынан бирин жеңип келди. Мунарбектин жеңиши Кыргыз боксунун тарыхында Олимпиада оюндарынын алгачкы медалы болуп калды. Буга чейин Мунарбек Дүйнө чемпионатынын байге ээси болсо, эми Олимпиада оюндарында бокс боюнча алгачкы медалды жеңип, дагы бир жолу кыргыз боксунун тарыхын жаңылады”, -деп белгиледи.
Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу ОшМУнун дене тарбия факультетин аяктап, ушул эле окуу жайда магистратураны да бүтүргөн. Ал 2017-жылдан бери Кыргызстандын бокс боюнча негизги курама командасынын катарында. Машыктыруучусу Турдалы Оморов КРнын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу жана бокс боюнча AIBAнын эл аралык даражадагы калысы.