Алтай мамлекеттик университети 2024-жылдын 10-августунан 20-августуна чейинки аралыкта Алтай элдеринин мурастарын изилдөө максатында "Большой Алтай: тюркское наследие - 2024" этнографиялык экспедициясын өткөрүп жатат.
Экспедицияга ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинен Тажибай Айтбаев катышууда.
Бул экспедициянын изилдөө аймактары катары Алтай Республикасынын Онгудай, Улаган жана Кош - Агач райондору тандалып алынган.