ОшМУ менен ЕУУдан кош диплом алуучу алгачкы бүтүрүүчүлөр

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен ЕУУдан кош диплом алуучу алгачкы бүтүрүүчүлөр

Image

ОшМУ менен Казакстандагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу келишиминин негизинде кош дипломдуу билим берүү программасы боюнча билим алып жаткан студенттердин бүтүрүү кечеси өттү. Кечеге Казакстандын Ош шаарындагы Башкы консулу Карибай Мухтар Ахат уулу, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Нурлан Омуров баштаган проректорлор, институттун директору, кафедра башчылары, ата-энелер, бүтүрүүчү студент-магистранттар катышты.

Кош дипломдуу билим берүү программасы боюнча 2 жыл ОшМУда билим алып, учурда Евразия улуттук университетинде билимин улантууга жөнөп жаткан студенттерге куттуктоо сөздөрү айтылып, алар бир гана билим албастан эки өлкөнүн ортосундагы достук, кызматташтык багытында данакер да боло тургантыктарын белгилешти.

Кеченин жүрүшүндө «Кыялдарга жетүүчү тепкичтер» деп аталган студенттик жылдардагы эсте калган урунттуу учурлар камтылган видео-баян көрсөтүлдү. Ошондой эле окуу жайда мыкты билим алып, коомдук-маданий иштерге активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык каттар тапшырылды. 

ОшМУ Евразия улуттук университети менен 2018-жылдан тартып кызматташып келет. Бул аралыкта 500дөн ашуун студент академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алышты. Кош дипломдуу билим берүү боюнча университеттер 2022-жылы келишимге кол коюшкан.

Эки окуу жайдын кош дипломдуу билим берүү боюнча 6 биргелешкен билим берүү программасы түзүлгөн. Алар бакалавриат боюнча: орус тили жана адабияты, котормо иши, журналистика, чет тили: эки чет тили, магистратура боюнча: физика, чет тили: эки чет тили. Сабактар онлайн жана оффлайн форматында өткөрүлөт.

2024-2025-окуу жылында биринчи жолу ОшМУда 2 жыл билим алган 16 студент, 4 магистрант Евразия улуттук университетинде окуусун улантууга жөнөп жатышат.

Фото галерея