Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө ЖОБО

Башкы Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө ЖОБО

Image

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-июлундагы “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бектитүү тууралуу” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарындагы мыкты окуусун илимий-изилдөөчүлүк жана активдүү коомдук иш менен ийгиликтүү айкалыштырып, өзгөчөлөнгөн студенттерге финансылык колдоо көрсөтүү максатында 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендияны ыйгаруу боюнча ачык конкурс жарыяланат.

Президенттик стипендияны 2023-2024–окуу жылынын жыйынтыгы боюнча ыйгаруу үчүн өлкөбүздөгү бардык жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзгөн билим берүү уюмдарына аталган Жарлыкка ылайык жана баалоо системасынын талаптарына толук жооп берген татыктуу студенттердин тизмесин (сөзсүз түрдө толук документтер менен коштолгон окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде) түзүүнү жана аталган тизмени 2024-жылдын 30-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгына тапшырууну маалымдайт.

Министрлик кошумча маалымат катары 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы менен ыйгарылган Президенттик стипендияда студенттердин жана ата-энелердин арасынан ар кандай тушүнбөстүктөр келип чыккандыгына байланыштуу тизмени жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын окумуштуулар кеңешинин жыйынында дыкат карап чыгып, жыйынтыгын атайын жооптуу кызматкердин коштоосунда министрликтин кароосуна даярдоо үчүн берүүнү суранат.

Студенттин тизмеси жана жетишкендиктери жөнүндөгү материалдарды тиркемедеги таблицанын негизинде толтуруп сөзсүз түрдө толук документтер жогорку кесиптик билим берүү уюмунун жетекчисинин колу менен министрликтин кароосуна берүүсү зарыл.

Жарлык боюнча толук маалымат төмөнкү шилтемеде: https://cbd.minjust.gov.kg/230010354/edition/12498/kg

 

Стипендия боюнча Жарлык