ОшМУнун медицина факультетинин адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы конституционалдык типология курсу менен кафедрасынын жалпы жамаатынын атынан Россия анатомдору, гистологдору жана эмбриологдору Илимий-медициналык коомунун Президенти, Россия илимдер академиясынын Академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор Дмитрий Никитюкту Россия Федерациясынын Президентинин 2024-жылдын 17-августундагы N701 Жарлыгы менен «Россия Федерациясынын илимине эмгек сиңирген ишмери» ардактуу наамынын ыйгарылышы менен куттуктайбыз.
Димитрий Никитюк 2022-жылдан баштап Россиянын Илимдер академиясынын Академиги, 2017-жылдан Россия Илимдер академиясынын Медициналык илимдер бөлүмүнүн медицина жана биология илимдери секциясынын бюро мүчөсү. 2014-2018-жылдары Жогорку аттестациялык комиссиясынын биомедициналык жана фармацевтика илимдери боюнча эксперттик кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген. Анын жетекчилиги астында анатомиялык жана антропометрикалык анализ жүргүзүүнүн комплекстүү ыкмалары, дене түзүлүшүнүн курамын баалоо, конституционалдык диагностика жана тамактануу абалына баа берүү системалары иштелип чыккан. Орус калкынын физикалык өнүгүүсүнө жана тамактануу абалына анатомиялык жана антропометриялык баа берүүнүн бирдиктүү Картасы түзүлгөн.
Ал тарабынан жүргүзүлгөн масштабдуу изилдөөлөр фундаменталдык мааниге ээ жана саламаттык сактоо тармагында практикалык жактан колдонууга реалдуу келегечи бар, ал жетишкен натыйжалар адам өмүрүнүн узактыгынын өсүшүнүн жана жашоо сапатынын жогорулашынын, активдүү узак жашоо үчүн шарттарды түзүүнүн, ден соолукту сактоонун эффективдүү технологияларын түзүүнүн негизинде жатат.
Белгилей кетсек, Д.Б.Никитюк – ОшМУнун адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы конституционалдык типология курсу менен кафедрасынын 2024-2026-жылдарга карата ишке ашырылып жаткан “Кыргызстандын заманбап шарттарында конституционалдык, этникалык, гендердик жана курактык факторлорун эске алуу менен балдардын жана чоңдордун физикалык жактан өрчүү абалына баа берүү” аттуу Билим берүү жана илим министрлигинин денгээлиндеги илимий-изилдөө долборунун тышкы жетектөөчү адиси жана активдүү консультанты болуп саналат.