ОшМУнун окутуучулары гендердик теңчилик боюнча семинарга катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары гендердик теңчилик боюнча семинарга катышты

Image

 

ОшМУнун профессорлору Венера Сабирова, Асылбек Эшиев, экономика жана налог кафедрасынын доценти Назгуль Матикеева жана  эл аралык мамилелер кафедрасынын улук окутуучусу Алина Ташыбаевалар  29-август  күнү Борбордук Азия университети жана Ага Хан фондунун “Гендердик теңчилик мектеби” долбоорунун "Коммерциялык эмес уюмдардын салык салуу жана финансылык отчеттуулук" темасындагы семинарга катышып келишти.

Семинардын алкагында коммерциялык эмес уюмдар кандай салыктарды төлөшөт, финансылык отчетторду кантип түзүшөт жана Кыргыз Республикасынын салык кодексине кандай жаңы өзгөрүүлөр болгону менен таанышышты. 

Ага чейин 15 - августа ошол эле долбордун негизинде окутуучулар гендердик теңчилик багытындагы стратегиялык пландарды, түзүү ага байланышкан маселерди чечүү багытындагы билимдерди алышкан.

Фото галерея