ОшМУнун ректорунун 2024-2025-окуу жылына карата кайрылуусу

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректорунун 2024-2025-окуу жылына карата кайрылуусу

Image

2024-2025-окуу жылына карата Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамына жана студенттерине ОшМУнун ректорунун кайрылуусу

Кадырлуу агай-эжейлер, ардактуу устаттар, кесиптештер, сүйүктүү студент достор! Окуу жайыбыздын алдындагы гимназия-лицейлеринин, мектепке чейинки билим берүү борборлорунун окуучулары!

​Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын  Эгемендүүлүк күнү жана ага  удаалаш келген Билим майрамы менен чын дилимден куттуктаймын.

​Быйылкы окуу жылы өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 33 жылдык мааракесин белгилөө менен башталып отурат. Ар бирибиз эңсеп жеткен эгемендүүлүгүбүздүн баркына жетип, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө салымыбызды кошолу. Эркин Кыргызстаныбыздын Туусу түбөлүккө желбирей берсин!

​Бүгүн сиздер менен Билим майрамын билим берүү, илим изилдөө, санариптештирүү, тарбиялоо багытында ийгиликтерибиз менен белгилеп, жаңы окуу жылына жаңы дем, жаңы идеялар менен кирип бара жатабыз.

​Ушул жылы окуу жайыбыздын 85 жылдык даңктуу мааракесин белгилеп, эл аралык деңгээлдедүйнөдөгү бардык өнөктөш университеттердин, бизнес тармагынын, мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес форум өткөрдүк. ​

​Шаардагы чоң стадиондо Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда чоң программадагы шоу-концерт менен жыйынтыктадык. Биз ушул мааракебиз аркылуу буга чейин жасаган иштерибизди, келечекке койгон пландарыбызды айтып, көрсөтүп коом алдында жүзүбүз жарык отчетубузду бере алдык. 

​Учурда Ош мамлекеттик университети Өзгөчө макамга ээ болгон университет катары билим, илим жана өндүрүштү айкалыштырып, заманбап өндүрүштүк борборлорду ачып, окутуунун дуалдык системасын ишке ашырууда.

​Бул багытта медициналык клиника замандап хирургиялык операцияларды жасоочу жабдуулар менен камсыздалып, Келечек муундагы генерация хабы ачылды, робототехника боюнча адистерди даярдоо башталды. Быйыл Qs star изилдөөсүндө 4 жылдызга ээ болуп, эл аралык деңгээлдеги рейтингибиз  көтөрүлдү. 

​Жаңы окуу жылы дагы бир кубанычтуу кабар менен башталып отурат. Биздин сыймыктуу бүтүрүүчүбүз Мунарбек Сейитбек уулу Париж олимпиадасында күмүш медалга ээ болуп, кубанычыбызга батпай турган чагыбыз. Биз бүтүрүүчүлөрүбүз жана студенттерибиздин ийгиликтери менен дайыма сыймыктанып келебиз!

​Жаңы окуу жылына окуу процесси менен байланышкан, окуунун сапатын көтөрүүгө, студенттердин билим сапатын жогорулатуу, окутуучулардын потенциалын көтөрүү, университеттин инфраструктурасын кеңейтүүбагыттарында жалпы чоң пландарыбыз бар.  

​Учурда КРнын Президенти тарабынан ыйгарылган  өзгөчө макамга ылайык түзүлгөн “Ош мамлекеттик университетинин 2023-2026-жылдарга туруктуу өнүгүү модели” стратегиялык программасынын үстүнөн иштеп жатабыз. 

 Алгачкылардан болуп өлкөдө ОшМУ электрондук окууга, санариптик тейлөөгө өттү. Абитуриент окууга тапшыргандан тартып, диплом алганга чейинки кыймыл-аракеттер санариптештирилди. Бул өнөктүк мезгил менен бирге жаңылануу кадамын жасай берет. 

Өзгөчө макам алгандан тартып университетте окуу процессинин уюштурулушу жана жүргүзүлүшү академиялык эркиндиктин принциптерине жана окутуунун кредиттик технологияларына негизделди. Студент семестрге катталуу, каалаган дисциплиналарга жазылуу, окуу убактысын пландаштыруу аркылуу жекече окуу траекториясын аныктай алат. 

​Жыл ичинде 30дан ашуун эки тараптуу кызматташуу келишимдерге кол коюлду.​ Кош дипломдуу программалар боюнча иштерибиз алдыга жылып, алгачкы карлыгачтар колуна эки өлкөнүн, эки ЖОЖдун дипломун алганы турушат. ​

​2023-2024-окуу жылында Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин ветеринардык клиникасы менен 5 кабаттуу окуу имаратын, “Ак-Буура” кампусунда 5 кабаттуу окуу-лабораториялык корпусун, Искусство факультетине кошумча корпусун, Кытайдагы Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен биргеликте “Келечек муундун хабы” борборун, окуу жайдын медициналык клиникасында кардиохирургия бөлүмүн, “Борборлоштурулган электрондук окуу залын”, финансы-юридикалык колледжинин спорт комплексин пайдаланууга бердик. 

Ош шаарындагы оорукананын эски имаратынын ордуна жаңы 7 кабаттуу медициналык клиникасынын курулушу уланууда. Ал эми ОшМУнун “Ак-Буура” эс алуу жана реабилитациялоо борбору жана Ысык-Көлдөгү “Үмүт” пансионаты ачылуу алдында турат. Ошондой эле окуу имараттар, жатаканалар толук оңдоп-түзөөдөн өттү.

4-муундагы университет өзүнүн жайгашкан аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түз таасир этүүсү абзел. Бүгүнкү күндө окуу жайда ЖОЖ-ИЛИМ-ӨНДҮРҮШ-КОММЕРЦИАЛИЗАЦИЯ коллаборациясы ийгиликтүү ишке ашууда.

ОшМУнун ветеринардык клиникасы өзкызматын көрсөтүп баштады. Аталган борборго Айыл чарба министрлигине караштуу айыл-чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү тарабынан уюшулган гранттык долбоордон 100 000 АКШ доллар каражат бөлүндү. 

Ошондой эле жаныбарлардын генофондун сактоо үчүн “Молекулярдык биотехнология илимий борбору”  түзүлдү. Алдыда “Мал чарбасы боюнча биотехнологиялык борбор - кичи асыл-тукум станциясын” куруу пландалууда. Аталган долбоорго ОшМУ 50 млн сом өлчөмүндө акча каражатын бөлдү.

ОшМУ тарабынан Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү 300 га жер аянтын басып калган жер көчкүнүн ордунда “Курбу-Таш токой” илимий-өндүрүштүк долбоору ишке ашууда. Долбоор башталгандан тарта 100 га жер аянты тосмого алынып, 50 га жакын участогунда түрдүү дарактар менен бадалдар отургузулду.

​Спорт жаатында студенттер үчүн 30дан ашык спорттук секциялар иштеп, кесипкөй волейбол, кичи футбол, футбол командалары түзүлүп, өлкө чемпиондору болушту.

 

Урматтуу студент достор!

ОшМУда студенттердин толук кандуу сапаттуу билим алуусуна, жаңы көндүмдөрдү калыптандырып, өзүндө катылып жаткан потенциялын ачканга бардык шарттар түзүлгөн. 

Олимпиаданын, эл аралык фестивалдардын, спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө жанасоциалдык колдоого муктаж студенттерге колдоолор көрсөтүлүп келет. 

Эң мыкты 6 студент КР Президентинин стипендиясын, 10 студент ОшМУнун 1,200$ өлчөмүндөгү Атуулдук стипендиясын, 30 студент  Окумуштуулар кеңешинин стипендиясын алышат. 

Окуу жайда атайын ойлоп табуучулардын чоң ордосу болгон Бизнес парк иштеп баштагандан бери 40 стартап-долбоор инвесторлор тарабынан жактырылып, жалпы тартылган  инвестициянын суммасы 15 млн сомду түздү. ​

Кадырлуу агай-эжейлер, илимпоз устаттар, кесиптештер, ардактуу студент достор!

​Жалпы жамаат менен биргеликте куттуу окуу жайыбыздын алдына койгон негизги максаты – дүйнөлүк рейтингдеги университеттердин тобуна кирүү жана өлкөнүн билим берүү, илим изилдөө жаатында өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат. 

​Сүйүктүү окуу жайыбыз ОшМУнун атын алыстарга таанытып, биз билим берген, биздин окуу жайдын туурунан учкан бүтүрүүчүлөр ийгиликтери менен бизди сыймыктандыра берсин. Эгемендүүөлкөбүз өнүгүп-өсө берсин. 

Ар бириңиздерге үй-бүлөлүк ырыскы-бакыт, бекем ден соолук, жамаатыбызда ынтымак-ырашкерлик каалайм.

 

Сиздерди терең урматтоо менен,

ОшМУнун ректору, профессор​ Кудайберди Кожобеков