ОшМУда Билим күнү белгиленди  

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Билим күнү белгиленди  

Image

 

    Бүгүн университеттин башкы корпусунда Билим күнү белгиленди. Ага ректор Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышты.
    Жыйында окуу жай жетекчиси 2024-2025-окуу жылына карата Ош мамлекеттик университетинин профессордук – окутуучулук  курамына жана студенттерине кайрылуу жасады. Кайрылууда ОшМУда жасалып жаткан иштер, жетишкендиктер, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар, келечек пландар боюнча маалыматтар камтылды.
    “Кирип келген жаңы окуу жылы баарыбыз үчүн жемиштүү жылдардан болсун, узап бараткан жылыбыз ОшМУга ийгилик, өсүп-өнүгүү тартуулаган  жылдардан болду. Ушул 2023-2024-окуу жылы университетибизде тарыхый жылдардан болду деп айта алабыз. Биз ушул мааракебиз аркылуу буга чейин жасаган иштерибизди, келечекке койгон пландарыбызды айтып, көрсөтүп коом алдында жүзүбүз жарык отчетубузду бере алдык. 
    Учурда Ош мамлекеттик университети Өзгөчө макамга ээ болгон университет катары билим, илим жана өндүрүштү айкалыштырып, заманбап өндүрүштүк борборлорду  ачып, окутуунун дуалдык системасын ишке ашыруудабыз. Быйыл Qs star изилдөөсүндө 4 жылдызга ээ болуп, эл аралык деңгээлдеги рейтингибиз  көтөрүлдү. 
    Жаңы окуу жылына окуу процесси менен байланышкан, окуунун сапатын көтөрүүгө, студенттердин билим сапатын жогорулатуу, окутуучулардын потенциалын көтөрүү, университеттин инфраструктурасын кеңейтүү багыттарында жалпы чоң пландарыбыз бар”,-деп айтылат кайрылууда. 
    Билим күнүнө арналган жыйындар университеттин бардык институттарында, факультеттеринде, колледждеринде, лицейлеринде, гимназияларында да болуп, алардын ар бирине атайын ректораттан өкүлдөр катышты.  Жамаатка ректор Кудайберди Кожобековдун кайрылуусу жеткирилди.  Учурда бардык институт, факультет, колледж, лицейлерде, гиназияларда окуу процесси башталды.

Фото галерея