Кыргызстандын премьер-лигасынын чемпионатында “ОшМУ-Алдиер” футбол клубунун 21 жашка чейинкилер арасындагы экинчи командасы коло медалга ээ болду. Курамды окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков куттуктап, алдыдагы мелдештерге ийгилик каалады.
Жолугушууга Кыргызстандын профессионалдык футбол лигасынын аткаруучу директору Канат Асенов, Футбол ассоциациясынын Оштогу төрагасы Нурсултан Кадырбеков, машыктыруучулар жана команданын курамы катышты. Кожобековго кыргыз футболун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык кат тапшырылды.
“ОшМУ-Алдиердун” башкы машыктыруучусу Айбек Сулайманов окуу жай спортко кызыккан жаштарды ар тараптан колдоп жатканын белгиледи. Ошондой эле профессионал футбол клубду түзгөн биринчи окуу жай катары үлгү көрсөтүп келе жатканын айтты.
“ОшМУ-Алдиер” клубунун 21 жашка чейинкилер арасындагы экинчи командасы учурда Кыргызстандын кубогуна катышууда. Биринчи мелдеште Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи” командасын 3-2 эсебинде утту. 5-сентябрда Оштун “Алай” командасы менен беттешет.
Клубдун негизги командасынын оюндары Кыргызстандын премьер-лигасынын үчүнчү айлампасында 19-сентябрда башталат.