6-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде коомдук жана саясий ишмер, илимпоз Апас Джумагуловдун 90 жылдык мааракеси белгиленди.
Анда “Кыргызстандын эгемен жолундагы Апас Джумагуловдун ролу: тажрыйбалар жана чакырыктар” аталышындагы илимий-практикалык конференция өттү. Мындан тышкары ишмердин туулган күнүнө арналган телефильм көрсөтүлдү.
Саамалыкка Апас Джумагулов, жубайы, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, соода өнөр-жай палатасынын президенти Темир Сариев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окуу жайдын окутуулары жана студенттер катышты.
Министр Догдуркүл Кендирбаева Джумагуловду мааракеси менен куттуктады. Анын өлкөдө илим-билимди модернизациялоодо, кадрларды даярдоодо жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи.
Конференцияда Кыргызстандын түптөлүү мезгилиндеги саясий, социалдык, экономикалык жана маданий жактан өнүгүшүнө көрүлгөн тарыхый процесстер талкууланды. Өлкөнүн эгемендике ээ болгондон баштап өнүгүү этаптары, негизги саясий окуялар, чакырыктар жана жетишкендиктери да айтылды.
Коомдук ишмерге “Ош облусунун ардактуу атуулу” жана “ОшМУнун ардактуу профессору” наамдары ыйгарылды.
Апас Жумагуловдун 90 жылдык маарекеси жер-жерлерде өткөрүлүп жатат.
Апас Джумагулов 90 жашта. Ал Совет учурунда бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеген. 1993-1998-жылдары премьер-министр болуп турган. Бир катар мамлекеттерде элчи кызматтарын да аркалаган.