ОшМУнун окутуучулары “Барселона” академиясында болушту

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары “Барселона” академиясында болушту

Image

Дене тарбия кафедрасынын окутуучулары Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Барселона” академиясына иш сапары менен барышты. Алар аталган жайдагы шарттар, жаш футболчулардын машыгуусу жана тандап алуу жол-жоболору менен таанышты.

Академиянын директору Тилек Нааматбеков ЖОЖдордун арасынан ОшМУнун окутуучулары алгачкылардан болуп академия менен таанышууга келгенин айтты. Ошондой эле ал окуу жай спорт тармагына, өзгөчө футболдун өнүгүшүнө салым кошуп келе жатканын белгиледи. 

Ал эми академиянын испаниялык машыктыруучусу Ориол Фонт “Өспүрүмдөрдү машыктыруу жана футболго калыстык кылуу” темасында окуу-семинар өтүп берди.

"Футболчулар топтон тажабай, аны сүйүп калганда гана чоң ийгиликтерге жетишет", – дейт Фонт. 

 Ал жаш оюнчуларга күч келтирбей, туура чуркоо, топту туура токтотуу жана тебүүнүн негиздерин үйрөтүү зарыл экенин кошумчалады. 

 

Фото галерея