ОшМУда мамлекеттик тил күнүнө карата үч айлык жарыяланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда мамлекеттик тил күнүнө карата үч айлык жарыяланды

Image

Ош мамлекеттик университетинде «ОшМУ - мамлекеттик тилдин ордосу» аталышындагы үч айлык жарыяланды. Бул тууралуу 20-сентябрда окуу жайда кыргыз тилинин 35 жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган адабий-музыкалык кечеде маалым болду.

Үч айлыктын алкагында институт, факультет, колледж, лицейлерде мамлекеттүүлүк, улуттук нарк, кыргыздын тарыхы, каада-салты, сүйлөө, жазуу маданияты боюнча түрдүү иш-чаралар алып барылат. Негизги максатыбыз мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө чакырык жасоо”, -деди окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова.

Саамалыкка Ош мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, ректор Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты. Анда өлкөдө, анын ичинде ОшМУда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иштер, мыйзамдагы өзгөртүүлөр талкууланды. Кечеде кыргыз тилинин Гимни ырдалып, сахналык көрүнүштөр коюлду.

Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынганына 23-сентябрда 35 жыл болот. Бул күнгө карата өлкөдө жыл сайын атайын иш чаралар өтүп турат.

Фото галерея