ОшМУнун студенти WorldSkills дүйнөлүк чемпионатына катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенти WorldSkills дүйнөлүк чемпионатына катышты

Image

Дүйнөлүк WorldSkills чемпионатында Индустриалдык-педагогикалык колледждин студенти Наргиза Жолдошбай кызы атайын медалга ээ болду. 

Чемпионат 11-14-сентябрда Франциянын Лион шаарында өттү. Анда 70 өлкөдөн тандалып алынган катышуучулар 62 кесиптин түрү боюнча мелдешкен. Наргиза Жолдошбай кызы 20-орунду камсыздаган. 

Ал “Мода технологиясы” адистиги боюнча Кыргызстандын атынан алгачкы жолу барган катышуучу болуп калды.

WorldSkills International – эл аралык коммерциялык эмес ассоциация. Уюм ар жылы жумушчу кесиптерди жайылтуу, кесиптик даярдоонун жана квалификациянын статусун жана стандарттарын жогорулатуу максатында эл аралык мелдештерди өткөрүп келет.

Наргиза Жолдошбай кызы коллеждин алдыңкы студенттеринин бири. Ал 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгында академиялык жетишүүсү боюнча ОшМУнун ТОП-20 студентинин катарына кирип, сертификат менен сыйланган. Буга чейин Бишкек шаарында өткөн чемпионаттын республикалык улуттук турунда “Мода технологиясы” боюнча биринчи орунду ээлеген. 

Фото галерея