Иорданиядан келген өкүлдөр ОшМУ да болду

Башкы Жаңылыктар

Иорданиядан келген өкүлдөр ОшМУ да болду

Image

Университет менен тажрыйба алмашуу, кызматташуу максатында 25-сентябрда Иорданиянын Билим берүү, Социалдык өнүктүрүү министрликтеринен жана Үй-бүлөлөрдү бекемдөө, «Ыйык Таш», «Герасия» аялдар кайрымдуулук ассоциацияларынан өкүлдөр келишти. Аларды ректор Кудайберди Кожобеков кабыл алды.

Жолугушууда Кожобеков “Чоң адамдарды окутуу” программасы жана анын ыкмалары университеттин магистратура бөлүмүндө колдонуп жаткандыгын айтты. Бул программаны DVV international Kyrgyzstan өкүлчүлүгү жана ОшМУ Curriculum GlobALe биргеликте ишке ашырган. Анын алкагында окуу жайдан 22 андрагог-тренер даярдалып чыккан.

Коноктор менен суроо-жооп орун алып, жакынкы аралыкта жүргүзүлүүчү кызматташтыктар талкууланды. Мындан тышкары квалификацияны жогорулатуу институтунун директору Ташболот Жороев “Чоң адамдарды окутуу ОшМУда” деген аталышта презентация  жасады. Ошондой эле институттун алдындагы “Чоң адамдарды окутуу” лабораториясын түзүү аракеттери көрүлүп жатканы белгилүү болду.

Фото галерея