Франциянын Кыргызстандагы элчиси ОшМУда болду

Башкы Жаңылыктар

Франциянын Кыргызстандагы элчиси ОшМУда болду

Image

 

Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай 26-сентябрда Ош мамлекеттик университетине келди. Ал окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат менен жолукту.

Анда ректор университеттин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, Франциянын элчилиги жана өлкөнүн университеттери менен кызматташуу тууралуу сөз кылды. Тараптар ЖОЖдордун алакасын бекемдөө, билим берүү программаларын ишке ашыруу, илим изилдөө, окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттырууну сүйлөштү. Ошондой эле PhD докторантура ачуу, тилди жеңил усул менен үйрөтүү багытында борборлорду ишке киргизүүнү, туризм адистигинин студенттери үчүн да француз тилин окутууну талкуулашты.

 “ОшМУдагы студенттер француз тилин окуп, үйрөнүп жатканы мени кубандырат. Эки өлкөнүн окуу жайларынын биргелешкен иш аракеттерин бекемдөөгө салым кошууга даярмын”,- деди Николя Фай.

Жыйындан соң элчи окуу жайдагы француз тилин окуткан окутуучулар жана студенттер менен баарлашты.

ОшМУ Франциянын Пуатье университети менен 2023-жылдын февраль айында кызматташуу келишимине кол койгон. Учурда окуу жайда эксперименталдык тайпалар француз тилин өздөштүрүп жатат. Студенттер эки жыл ичинде тилди В2 деңгээлинде үйрөнүшөт. Кийин Франциянын стипендиялык программаларына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Фото галерея