ОшМУда ардагерлерге сый көрсөтүлдү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда ардагерлерге сый көрсөтүлдү

Image

Бүгүн, 1-октябрь - Карылардын эл аралык күнүнө карата окуу жайда эмгектенип жаткан жана эс алуудагы 550 окутуучуга “Олигарх” ресторанында сый көрсөтүлдү. Анда ардагерлерге дасторкон жайылып, концерттик программа тартууланды.  Ошондой эле ар бирине акчалай сыйлык тапшырылды.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Кесиптик кошундун төрагасы Абсамат Саттаров, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Капар Зулпукаров жана Көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы Балтагул Нурунбетов өмүрүн, жаштыгын, эмгегин ОшМУга арнаган агай-эжекелерди, кызматкерлерди майрамы менен куттукташты. Аларды окуу жайда калыс пикирлерин айтып, жаштарга өрнөк болуп жүрүүсүн тилешти.

Майрамдык иш чаранын алкагында Ардагерлер кеңешинин төрагасы Капар Зулпукаров кызматын Медициналык колледждин доценти Орунбек Калановго тапшырып берди.  

Карылардын эл аралык күнү окуу жайда жыл сайын салтка айланып өткөрүлүп келет. Аны уюштурууну ректорат менен кесиптик кошун колго алган. 

 

Фото галерея