Улуу Британиянын Кардифф шаарынан келген регби чеберлери ОшМУнун окутуучуларына жана студенттерге спорттун бул түрү боюнча окуу-машыгуу өткөрүп жатат.
Машыгуулар бүгүн, 1-октябрда башталды. Иш-чаранын ачылыш аземине университеттин Коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева баштаган окутуучулар, студенттер, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер жана өлкөдөгү Регби федерациясынын Оштогу өкүлү Рысбек Кулов катышты.
Элчи катышуучуларга ийгилик каалап, Кыргызстанда спорттун бул түрүнө жакшы көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Ал Ош шаарында ушундай саамалыкты алгач жолу өткөрүүгө өнөктөш болгон ОшМУга ыраазычылык билдирди.
Түштүк аймагы боюнча алгачкы жолу окуу жайда регби командасы түзүлүп, өлкө чемпионатына катышып келет. Өткөн жылы Шумкарбек Окен уулу жетектеген команда Кардифф шаарына барып, он күндүк окуу-машыгуудан өтүп келген.
Регби – спорттун командалык түрү. Оюнчулар сүйрү топ менен чуркап, аны колу жана буту менен жылдырып отуруп “Н” түрүндөгү дарбазага киргизүүгө аракет кылышат. Бул оюн 1825-жылы Англиянын Регби шаарында ойноло баштаган.
Ал эми Кыргызстанда 2001-жылы башат алып, Регби федерациясы да түзүлгөн.