Германия: ОшМУнун окутуучулары санариптештирүү боюнча окутууга катышып келди

Башкы Жаңылыктар

Германия: ОшМУнун окутуучулары санариптештирүү боюнча окутууга катышып келди

Image

Прикладдык информатика жана маалыматтык коопсуздук кафедрасынын доценти Абдыганы Абдувалиев, Зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценти Абдыманап Абдыкааров жана Эл аралык тилдер борборунун директору доцент Семетей Амиралиев Германиянын Гамбург прикладдык илимдер университетинде өткөн окутууга катышып келди. 

Иш чаранын алкагында жашылдандыруу жана санариптештирүү багытында ОшМУда жасалып жаткан иштер тууралуу презентация жасалып, чет өлкөлүк окуу жайлар менен кызматташуу талкууланды. Катышуучулар Гамбург прикладдык илимдер университетинин күндөн жана шамалдан электр энергиясын алууда жасалып жаткан иштерине күбө болушту. Ал эми ОшМУнун окутуучулары да күн панелдерин окуу имараттарынын чатырларына орнотуу иштери кандай жүрүп жатканын айтып беришти.

Аталган окутуу Эразмус+ программасынын "Кыргызстандагы туруктуу өнүгүүгө карата жашыл жана санарип университеттер" долбоорунун алкагында уюштурулган. Анын алкагында ОшМУда аткарылып жаткан жумуштар “эң мыкты” деп бааланды.

GREEN.KG долбоору экология, санарип, социалдык жана экономикалык демилгелерди иштеп чыгууга багытталган. Ага Европанын эки окуу жайы менен катар Кыргызстандын он университети тартылган.

 

Фото галерея