Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата бүгүн, 8-октябрда Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун орус филологиясы бөлүмүндө профессор Байболот Абытов менен жолугушуу болуп өттү.
Анда автордун «Кара-Кыргыз автономиялуу облусу: Советтер доорунда улуттук мамлекеттүүлүктүн кайра жаралышы» деген аталыштагы китебинин бет ачары өттү. Иш-чарага институттун студенттери жана окутуучулары катышты.
Абытов Кыргыз автономиясынын түптөлүшүнүн негизги тарыхый окуяларын жана анын башында турган белгилүү инсандардын ишмердүүлүгү боюнча айтып берди. Ошондой эле ал студенттердин суроолоруна жооп берип, пикир алышуу орун алды. Профессор бир нече китебин институттун китепканасына белек катары тапшырды.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата окуу жайда өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында китептин негизинде куратордук сааттар өтүлөт.