ОшМУнун окутуучусу Франциядагы археологиялык экспедицияга катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусу Франциядагы археологиялык экспедицияга катышты

Image

ОшМУнун тарых жана юридика институтунун доценти тарых илимдеринин кандидаты Алишер кызы Салтанат Франциянын улуттук изилдөө борбору (CNRS) жана ZooStan эл аралык институту уюштурган эл аралык археологиялык экспедицияга катышып келди.

Эл аралык экспедиция ZooStan лабораториясынын мүдүрү доктор Уиллиам Рендюнун жетекчилигинде өтүп, ага Франция, Италия, Россия, Өзбекистан, Казахстан жана Кыргызстандан барган окумуштуулар тобу катышты.

«Аталган экспедиция Франциянын Жонзак шаарынан алыс эмес жайгашкан Ше-Пино аттуу орто палеолит дооорунун эстелигин изилдөөгө багытталган. Бул эстеликти изилдөөнүн маанилүүлүгү комплекстин уникалдуу сакталышы менен шартталган: археологиялык жана палеофауналдык материалдар бул жерде бузулбаган контекстте берилген. Эстеликте неандертал адамдарынын аң уулоочулука багытталган курал жарактары жана аларга олжо болгон жаныбарлардын сөөктөрү табылган», -деп билдирет Алишер кызы Салтанат.

 




 

Фото галерея