Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган китеп жарык көрдү

Башкы Жаңылыктар

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган китеп жарык көрдү

Image

Бүгүн, 10-октябрда Ош мамлекеттик университетинде тарых илимдеринин доктору Байболот Абытовдун жаңы китебинин бет ачары өттү. Чыгарма «Кара-Кыргыз автономиялуу облусу: Советтик доордо улуттук мамлекеттүүлүктүн кайра жаралышы» деген аталышта жарык көргөн. 

Иш-чарага окуу жайдын окумуштуулары, окутуучулар жана студенттер катышты. Илимий иштер боюнча проректор Руслан Арапбаев ректордун атынан авторго куттуктоо сөзүн жолдоду.  

Китептин бет ачарында Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев, тарых жана юридика институтунун жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын профессору Жумали Адилбаев,  Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессору  Алмагүл Көкөева, ОшТУнун доценти Гүлжамал Бекмурзаева, ОшМПУнун доценти Самарбек Осмонов китеп жөнүндө өз ойлору менен бөлөштү. Ошондой эле талкуу орун алып, суроо-жооптор менен коштолду.

Абытовдун эмгегинде Кыргыз автономиясынын түзүлүшүнө байланыштуу негизги тарыхый окуялар жана маанилүү инсандардын ишмердүүлүгү баяндалат. Чыгарма Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналып жарык көргөн.  

Байболот Абытов 400дөн ашуун илимий макала, 12 монография жана китептердин автору. Анын  жетекчилигинде 11 кандидаттык диссертация ийгиликтүү корголгон. Мындан тышкары эки докторлук  илимий иштин кеңешчиси болуп саналат. 

Фото галерея