Оксфорд университетинин профессору ОшМУда илимий-методикалык семинар өттү

Башкы Жаңылыктар

Оксфорд университетинин профессору ОшМУда илимий-методикалык семинар өттү

Image

Оксфорд университетинин профессору Трой Стернберг 12-октябрда окуу жайдын аспирант жана докторанттарына өзүнүн кыргызчага которулган колдонмосун тааныштырды. Жаш илипоздорго арналган китеп “Илимий макала жаратуу жана аны эл аралык чөйрөгө жеткирүү” деген аталышта жарык көргөн. 

Андан сырткары Трой Стернберг  катышуучуларга илимий макаланын түзүлүшү, маалыматтарды чогултуу жана талдоо, адабияттар, шилтемелер менен иштөө боюнча тренинг өтүп берди. Анда Скопус (Scopus) базасына кирген  эл аралык илимий журналдарга макала жазуунун жол-жобосу талкууланды. Аспирант, докторанттар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Окутуунун жыйынтыгында ОшМУ ага өзгөчө статус алган окуу жай катары “QS университетинин дүйнөлүк рейтингине” катышуу механизмдери иштелип чыкканы боюнча маалымат берди. Ошондой эле ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Трой Стернберг Оксфорд университетинин география жана айлана-чөйрө мектебинин улук илимий кызматкери. Ал Кыргызстан, Казакстан жана Монголиядагы чөлдөр боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.

Фото галерея