Академиялык мобилдүүлүк: ОшМУнун студенттери Түркияда медицина багытында билим алууда

Башкы Жаңылыктар

Академиялык мобилдүүлүк: ОшМУнун студенттери Түркияда медицина багытында билим алууда

Image

Медицина факультетинин төрт студенти – Эрмек, Капашев, Бурулай Турсункулова, Асылзат Бакытбек кызы жана Ариет Кудайбаков учурда Түркиянын Памуккале университетинде билим алууда. Алар академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде күзгү семестрди окуп келишет.

Студенттер Памуккале университетинин ректору Ахмет Кутлухан менен жолугуп, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун атынан калпак жана эстелик белектерди тапшырышты. Баарлашуу учурунда Кутлухан аларды терең билим алууга үндөп, дарыгерлик кесиптин маанилүүлүгүн айтты.

Студенттер Эрмек, Капашев менен Асылзат Бакытбек кызы Памуккале университети өзгөчө таасир калтырганын билдирди. Кесип ээлери үчүн окуу жайдын медицина факультетинде бир учурда билим алууга, эс алууга жакшы шарттар түзүлгөнүн белгилешти. Алар окуп келүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн ОшМУнун рейтинг бөлүмүнүн инспектору  А.Д.Кулназаровага  ыраазычылык билдиришти.

Мобилдүүлүк программасы менен жыл сайын Памуккале университетине барган студенттердин саны өсүүдө. Былтыркы жылы 30га жакыны алмашуу программасынын алкагында билим алып келген. Быйыл болсо Медицина факультетинин төрт, ал эми Теология факультетинен 26 студент чакыртылды.

 

 

Фото галерея