ОшМУнун ректору Баткенде билим берүү мекемелеринде болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректору Баткенде билим берүү мекемелеринде болду

Image

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Баткенге барып, кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган тургундардан кабар алды. 

Ректор Баткен районунун Ак-Сай, Лейлек районунун Максат айылындагы мектептерде болду. Ошондой эле Лейлек районунун Жаштык айылында жайгашкан чыгаан педагог Гапыр Мадаминовдун №3 эксперименталдык гимназиясы менен таанышып, мугалимдер жамааты менен баарлашты. Жолугушууларда билим берүү жаатында каралып жаткан жеңилдиктер, кызматташтыктар боюнча пикир алышты.

                Учурда ОшМУнун дарыгер, психолог окутуучулары жана студенттери кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган тургундарга, аялдарга, балдарга психологиялык, медициналык жардамдарды көрсөтүүдө. Баткен облусундагы жабыркаган аймактардан келип ОшМУда билим алып жаткан 100дөн ашуун студенттерге тамак-аш азыктары боюнча жардамдар берилип, айрым студенттерге жатаканадан орундар берилди. 

Мындан сырткары окуу жайдын кызматкерлери жабыркаган аймактарга айлык акысынын эсебиннен 1 млн. сом которуу чечимин кабыл алган.

Фото галерея