ОшМУда Кыргызстандын мыйзамдарында колдонулган терминдердин маселеси талкууланууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Кыргызстандын мыйзамдарында колдонулган терминдердин маселеси талкууланууда

Image

Бүгүн, 16-октябрда университте «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулган терминдердин маселеси» деген аталыштагы илимий конференция өтүп жатат.

Иш-чарага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы катышууда.

Конференцияда өлкө мыйзамдарында колдонулган терминдерди которуу жана бирдейлештирүү, архитехтура, курулуш тармактарында ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик тилде колдонулушу талкууланды. Мындан сырткары салык, ички иштер органдарында, юридика, саламаттыкты сактоо тармагында терминдердин байланышы боюнча баяндамалар окулду.  

ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова мамлекеттик тил боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Мелис Мураталиевге “ОшМУга даңк” төш белгисин тапшырды.

Жыйындын алкагында терминология боюнча талкууланып, сунуштар айтылды. Анын жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынат.

 

Фото галерея