КЫРГЫЗ-РОССИЯ БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Башкы Жаңылыктар

КЫРГЫЗ-РОССИЯ БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Image

15-октябрда Кыргыз-Россия билим берүү форумунун жабылыш аземине Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский катышты.

Катышуучулар форумдун жыйынтыгын чыгарып, резолюцияны бекитишти. Жогорку окуу жайлардын жетекчилери университеттер аралык жол карталарына, меморандумдарга жана консорциумдарды түзүү боюнча келишимдерге кол коюшту.

Форумдун алкагында И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында “Россия билими” көргөзмөсү, билим берүүнүн сапатын башкаруу системасы, абанын булганышынын калктын саламаттыгына тийгизген таасири боюнча тегерек стол өттү, ПИМУнун ректору Николай Карякин лекция окуду. Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайлары медициналык университеттердин кыргыз-орус консорциумун түзүү боюнча келишимге кол коюшту.

Кыргыз-Орус Славян университетинде студенттердин ишкердигин колдоо, алдыңкы инженердик мектептерди түзүү боюнча өнөктөштүк, биотехнологиялык долбоорлор, дүйнөлүк тартипти трансформациялоо контекстинде евразиялык долбоор, маданияттар аралык компетенттүүлүк жана студенттердин мотивациясы талкууланды.

К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде талкуулар тамак-аш инженериясы жана биотехнологиясы, энергетика жана азык-түлүк коопсуздугу, айыл чарбасындагы санариптик технологиялар жана тармактык аспирантура мектептерин түзүү темаларына арналды. Агрардык тармак үчүн адистерди даярдаган Кыргызстан менен Орусиянын жогорку окуу жайлары Кыргыз-Орус агрардык университеттердин консорциумун түзүү боюнча келишимине кол коюшту.

Белгилей кетсек, 14-15-октябрда Бишкекте билим берүү тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулоо максатында Кыргыз-Орус билим форуму өттү.

https://edu.gov.kg/posts/3575/

Фото галерея