ОшМУда “Акындар арабызда” поэзия кечеси өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда “Акындар арабызда” поэзия кечеси өттү

Image

17-октябрда Ош мамлекеттик университетинде окутуучулардын башын бириктирген “Акындар арабызда” поэзия кечеси болуп өттү.

Кечеге билим берүү, илим изилдөө менен бирге акындык өнөрдү да аркалаган окутуучулар катышты. Ал эми Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун профессору Гүлбадан Матиева, эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы Маралбек Осконбаев, Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун профессору Саткынбай Момуналиев, факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Бермет Закирова, окуу жайдын орто кесиптик билим берүү департаментинин директору Чыңгызбек Мамажакып уулу, Табият таануу институтунун химия жана химиялык технологиялар бөлүмүнүн окутуучусу Рахима Байматова, ушул эле бөлүмдүн доценти Өмүрбек Жапаров жана Медициналык колледждин кызматкери Майрамбек Умаровдор конок катары чакырылды. 

Иш-чара “Жигер” чыгармачылык жаштар борборунун сахналык көрүнүшү менен башталды. Андан кийин окутуучулар өздөрүнүн ырларынан көркөм окуп, катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Алардын калемине таандык ырларга жазылган обондор жаңырды.

Поэзия кечесин Коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева менен “Жигер” чыгармачылык жаштар борборунун жетекчиси Дүйшөнбек Бектемир уулу демилгелеген. Уюштуруучулардын билдиришинче, калемгерлердин кечеси университетте поэзияны жандандырып, акындар чөйрөсүн бекемдөө, жашырылган таланттарды жалпыга таанытуу максатында колго алынды. Мындай иш-чаралар мындан ары да демилгеленип турат.  

 


 

Фото галерея