Филология жана маданият аралык коммуникация институтунда окуу-усулдук жана илимий иштер талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Филология жана маданият аралык коммуникация институтунда окуу-усулдук жана илимий иштер талкууланды

Image

Филология жана маданият аралык коммуникация институтунда 2024-2025-окуу жылына карата структуралардын, институттун окуу-усулдук, илимий жана коомдук-тарбиялык иштеринин пландары талкууланды. Ага Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү да катышты. 


Институттун директору Олжобай Шаимкулов университетти сапаттык көрсөткүчкө жеткирүү үчүн окутуучуларды жигердүү иштөөгө чакырды. 

 "Бардык иш-аракетибиз студенттердин билиминин сапаты үчүн. Анткени учурда ОшМУ рейтингдик баскычта алдыңкы орунда турган окуу жайлардын бири. Демек, окуу жайыбыздын иш-аракетин бардык тармакта, мейли, окуу иштери, мейли, илимий жана тарбиялык иштери болобу сапаттык көрсөткүчкө жеткиришибиз керек. Ал үчүн окутуучуларыбыз жигердүү, чыгармачыл, аракетчил болуусу абзел", - дейт ал.

 

Маалыматка караганда, окуу иштерин жөнгө салуу, предметтик силлабустарды Myedu тиркемесине киргизүү боюнча институтта семинарлар өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгын атайын түзүлгөн комиссия текшерген. Окутуучулардын силлабустарды жайгаштыруу, журналдарды толтуруу боюнча усулдук кеңештин төрайымдары тарабынан кеңештер берилип турат. Учурда институтта студенттерди маданий-спорттук иш-чараларга тартуу иштери жүрүп жатат.

Фото галерея