ОшМУнун профессору билим берүүдөгү ишкердик түшүнүктөрү боюнча эл аралык форумга катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун профессору билим берүүдөгү ишкердик түшүнүктөрү боюнча эл аралык форумга катышты

Image

Медицина факультетинин жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын башчысы Таасилкан Жумабаева ЮНЕСКО АРЕИД программасынын  “Жаштардын келечеги жана билим берүүдөгү ишкердик” аталышындагы эл аралык форумуна катышып келди.

Иш чара Ташкент шаарындагы Альфраганус университетинде 10-13-октябрь күндөрү өттү. Анда билим берүүдөгү ишкердик түшүнүктөрүн, көндүмдөрдү калыптандыруу боюнча жогорку окуу жайларда жүрүп жаткан иштер талкууланды. Форумга 34 өлкөдөн 200дөн ашуун эксперттер, жогорку билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, ишкерлер жана эл аралык уюмдар чакыртылган.

Жумабаева иш сапардын алкагында ОшМУ Самарканд мамлекеттик университети менен кызматташуу келишимине кол койгонун билдирди.  Ал эми Биохимия институту менен да тиешелүү багыттарда иш алып баруу сүйлөшүлгөн. Келишим түзүлүп илимий изилдөө, академиялык алмашуулар жана конок лекцияларды өткөрүү пландаштырылды.

“Иш-чаранын алкагында ОшМУ менен Альфраганус университетинин ортосунда  өз кызматташуу меморандумуна  кол коюлду. Андан кийин 14-15-октябрда Самарканд шаарында “Тамак-аш коопсуздугу” боюнча конференцияга катыштык. Анда кафедрадан улук окутуучулар Нурила Ташматова, Роза Жаркынбаева, окутуучу Иманкул Мырзабаев баяндама жасашты. Мен пленардык отурумда баяндама жасадым. Алдыда келишим түзүлгөн окуу жайлар менен биргелешкен иш-аракеттер башталат”, -дейт Таасилкан Жумабаева.

Аталган форум жаштар арасында ишкердик көндүмдөрүн калыптандыруу жана өнүктүрүү багытындагы стратегияларды талкуулоо максатында уюштурулуп келет. 

 

Фото галерея