Тарых жана юридика институтунун доценти Аманай Акматова менен Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун доценти Диларам Мадаминова Баткен шаарында беш мектептин окуучуларын “Дары” наркоманиясы боюнча окутуудан өткөрдү.
Иш чара “Дары” наркоманиясына каршы күрөш: Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн чараларды иштеп чыгуу” долбоорунун алкагында уюштурулган. Анда социалдык педагогдор Жаштар инспекциясынын кызматкерлери менен бирге алдын-алуу чараларын өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Бул долбоор Ош мамлекеттик университетинин доценти Аманай Акматованын жетекчилигинде ишке ашууда. Илимий изилдөө дары наркоманиясын алдын-алуу, аныктоо жана дарылоо боюнча натыйжалуу чаралардын комплексин иштеп чыгууну көздөйт.