ОшМУ менен Ташкент университети кыргыз-өзбек тилдерин чет тили катары окутууну пландоодо

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен Ташкент университети кыргыз-өзбек тилдерин чет тили катары окутууну пландоодо

Image

Бул тууралуу 21-октябда Ош мамлекеттик университетинде “Тил – улуттар аралык маданияттын жана достуктун көпүрөсү” деген аталыштагы адабий-музыкалык кечеде белгилүү болду. Иш-чара кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна жана өзбек тилинин мамлекеттик тил макамы берилгенинин 35 жылдыгына карата уюштурулган.

Адабий-музыкалык кечеге  Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулу Зафарбек Ахмедов, Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча өзбек борборунун жетекчиси Адилжан Атажанов, Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинен жана Анжиян мамлекеттик педагогикалык институтунун өкүлдөрү катышты.

Анда эки өлкөнүн тилинде концерттик программа тартууланды. Ошондой эле грамматикадагы өзгөчөлүктөр, кыргыз жана өзбек макал-лакаптарынын спецификалык өзгөчөлүктөрү боюнча илимий баяндамалар окулду. Мындан сырткары Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетиндеги ОшМУнун “Кыргыз тили жана маданияты” борборунун бир жылдык ишмердүүлүгү боюнча отчет угулду.

Иш-чара Кыргызстан менен Өзбекстандын достукту жана ынтымакты, маданият, билим берүү тармагындагы байланыштарын чыңдоо максатында уюштурулган. 

 

 

Фото галерея