Бишкекте ЖОЖдордогу мамлекеттик тил маселеси боюнча форум өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

Бишкекте ЖОЖдордогу мамлекеттик тил маселеси боюнча форум өтүп жатат

Image

24-октябрда Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде ЖОЖдордогу мамлекеттик тил маселелери боюнча форум өтүп жатат.

Иш-чарага билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышууда.

ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова “ЖОЖдордогу мамлекеттик тилдин абалы” деген темада баяндама жасады. Анда мамлекеттик тилди окутуу, иш кагаздарды жүргүзүү жана кыргыз тилин деңгээлдеп окутуу тенологиялары маселелеринин окуу жайда ишке ашып жатканы боюнча маалымат берди.

Форумда жогорку окуу жайлардагы мамлекеттик тил маселелери, кыргыз тилинде окуу куралдарын чыгаруу жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча сунуштар каралат.

 

Фото галерея