ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков өлкөнүн футзал боюнча Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Луис Бернат Молина менен жолугушту.
Окуу жайдын ректору машыктуруучуга университеттин футзал боюнча командасы, аларга түзүлүп жаткан шарттар, жаратып жаткан ийгиликтери тууралуу маалымат берди.
Машыктыруучу ОшМУнун футзалчылары өлкө ичинде командалардын арасында сап башында келе жаткандыгын, Кыргызстандын эң жогорку лигаларында оюн көрсөткөн мыкты командалар экендигин белгиледи. Андан сырткары футзалды кантип өнүктүрүү жаатында ойлору менен бөлүшүп, окуу жайдын спортко көңүл буруп жатканы кубандырарын, кызматташууга даяр экенин айтты. Жакынкы аралыкта ОшМУнун футзал командаларынын ичинен мыкты оюнчуларды улуттук курама командага алуу пикирлерин кошумчалады.
Луис Бернат футзал боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу, ал буга чейин футзал боюнча Азия Кубогунда команданы жетектеген. Анын жетекчилиги алдында футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы биринчиликте 6-орунду ээлеген. Ал улуттук III даражадагы футзал боюнча машыктыруучулук лицензиясынын (RFEF) ээси.
Учурда ОшМУнун футзал боюнча командасы Кыргыз Республикасынын Супер лигасынын турнирдик жадыбалында 1-орунда баратат. Окуу жайда футзал боюнча 2 командасы бар, 1-команда Супер лигада, 2-команда Биринчи лигада ойноп жатат.