Түркиянын Памуккале университетинде мобилдүүлүк программасы менен билим алып жаткан ОшМУнун студенттери эл аралык Денизли Ятаган тарыхы жана маданияты симпозиумуна катышты. Алар кыргыздын боз үйүн тигип, уюштуруу иштерине көмөктөшкөн.
Симпозиум 25-27-октябрда Памуккале университетинин Ислам илимдер институту жана Гайе фонду тарабынан өткөрүлдү. Ага Ятаган тарабынан тарбияланган, Гайе фондунун Камкорчулар кеңешинин төрагасы Мехмет Фарук Акшит, TEIнин башкы директору жана ОшМУнун “Ардактуу профессору” Мехмет Сыддык Акшит, Түркия, чет өлкөлүк университеттерден 40тан ашуун эксперт илимпоз жана изилдөөчүлөр катышты.
Профессор Мехмет Сыддык Акшит ОшМУнун 85-жылдыгы мааркесине катышып, “Ардактуу профессор” наамын алган.
Бүгүнкү күндө алмашуу программасынын алкагында Памуккале университетинде ОшМУнун Медицина факультетинин төрт, Теология факультетинин 26 студенти билим алууда. Былтыр 30га жакыны чакыртылган.