21-25-октябрь күндөрү Ош шаарында “Кольпоскопия, дартты аныктоо жана дарылоо ” деген темада окутуу уюштурулду.
Лекция жана практикалык окутууларды Германиядан келген доктор, медицина илимдери боюнча магистр, чек арасыз дарыгерлер уюмунун өкүлү Жан Калибуши Бизиман, Кыргызстандын акушер-гинекология жана неонтология ассоциациясынын катчысы Изобелла Асанова жана ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин клиникалык дисциплиналар №2 кафедрасынын доценти Гулжамал Субанова өтүп берди.
Субанованын билдиришинче, иш-чарада аялдар арасында, өзгөчө төрөт жашындагыларда тез жайылып жаткан жатын моюнчасындагы рак илдети боюнча маалымат берилди.
“Жатын моюнчасынын рагы илдетинин алдын алуу жана дартты аныктоо боюнча окутууга Жалал-Абад, Баткен, Ош шаарынан келген акушер-гинекологдордон турган 16 дарыгер катышты. Анда бул илдетти дарылоо, алдын алуу боюнча эки күн лекция, үч күн практикалык көрсөтмөлүү сабактар өтүлдү”, -дейт ал.
Иш-чара Саламаттыкты сактоо министрлиги, MSF (чек арасыз дарыгерлер) уюму тарабынан уюштурулду.
2023-жылдагы статистикага ылайык, Кыргызстанда жылына жатын моюнчасындагы рак илдетинин 498 учур катталат. Анын 286сы оорудан каза болот. Алардын басымдуу бөлүгүн 15-44 жашка чейинкилер түзөт.