ОшМУда изилдөөчүлөр тобу түзүлөт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда изилдөөчүлөр тобу түзүлөт

Image

Ирактын Аль-Нур университетинин профессору, доктор Факхер Карим Рахим Ош мамлекеттик университетинин окутуучуларына тренинг өтүүдө. Мында илимий макалаларды жазуу, маалыматтарды чогултуу жана талдоо, адабияттар, шилтемелер менен иштөө боюнча тажрыйба бөлүшөт. Ошондой эле “Скопус” (Scopus) маалыматтар базасына кирген эл аралык илимий журналдарга макала жазуунун жол-жоболорун көрсөтүп берди.

Окутуу бир жумага созулат. Жыйынтыгында ОшМУда изилдөөчүлөр тобу түзүлөт. Алар окуу жайдагы башка кесиптештерине “Скопустагы” ресурстук борборду пайдаланып кеңештерди берет. Ал эми Факхер Карим Рахим болсо окутуучулардын аталган базага көбүрөөк макала жарыялоосуна  көмөктөшөт жана көзөмөлдөйт.

Профессор бүгүн, 30-октябрда ректор Кудайберди Кожобеков менен жолукту. Алар ОшМУнун илимий журналдарын “Скопуска” киргизүү  маселесин талкуулашты. Ал эми ректор Рахимге эл аралык медицина факультетине айкалыштуруучу профессор болуп берүүнү сунуштады.

Факхер Карим Рахим дүйнөдөгү макалалары эң көп (120миң) цитирлөө келтирилген илимпоздордун катарында турат. Анын индекс хиршасы 62 жана рецензияланган журналдарда 536дан ашык илимий макалалары жарык көргөн. 

 

Фото галерея