Илимпоз Адбыкерим Исаевдин “Өмүр чыйыры” аттуу чыгармачылык кечеси өттү

Башкы Жаңылыктар

Илимпоз Адбыкерим Исаевдин “Өмүр чыйыры” аттуу чыгармачылык кечеси өттү

Image

31-октябрда Ош мамлекеттик университетинде доцент, педагогика илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер Адбыкерим Исаевдин “Өмүр чыйыры” аттуу чыгармачылык кечеси болуп өттү. Иш чарага окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, жакын санаалаштары, үй-бүлөсү жана студенттер катышты.

Саамалыкта ректор Кудайберди Кожобеков Исаевдин ишмердүүлүгү, анын окуу жайдын өсүп өнүгүүсүнө кошкон салымы, адамдык бейнеси тууралуу айтты. Педагогика жана дене тарбия факультетин он жылдан ашык жетектеген убакта ошол мезгилге шайкеш келген жаңы идеяларды көтөрүп, ишке ашырганын белгиледи.

Кечеге келген коноктор Адбыкерим Исаевди чыгармачылык кечеси менен куттуктап, жылуу сөздөрүн жолдошту. Анын жаңыдан басмадан чыккан “Монтер” деген аталыштагы көркөм-педагогикалык мемуары, 2012-жылы жарык көргөн “Өмүр чыйыры” китеби тууралуу сөз болду. 

“Монтердун” редактору Сейил Эргешова китептин мазмунуна токтолду. Анын белгилешинче, мемуарда Исаевдин атасы Абдыкайыр Иса уулу тууралуу сөз болот. Чыгарма жаштарга үлгү болчу тарбиялык мааниге ээ.

Иш чарада ОшМУнун доценти, ырчы, обончу Таалайбек Турдубаев автордун калемине таандык обондуу ырларды аткарды. 

Адбыкерим Исаев ондон ашуун усулдук колдонмолордун, окуу куралдардын, монографиялардын жана 50дөн ашык илимий-публицистикалык макалалардын автору. 

 

Фото галерея